Кыргыз Республикасындагы саясий процесстер программасы (Улуттук демократиялык институт, NDI)

USAIDдин колдоосу менен НДИ уюштурган коомдук угууда Кызыл Кыя шаарынын тургуну депутаттардан суу маселесин чечүүнү суранып жатат.
USAIDдин колдоосу менен НДИ уюштурган коомдук угууда Кызыл Кыя шаарынын тургуну депутаттардан суу маселесин чечүүнү суранып жатат.
Улуттук демократиялык институт (УДИ)

Мөөнөтү: Октябрь, 2016-ж – сентябрь, 2021-ж.

Ишке ашыруучу уюм: Улуттук демократиялык институту (УДИ)

Бюджет (бүт Косорциум үчүн): $10,000,000

Негизги өнөктөштөр: Парламент, Парламенттик фракциялар, Парламенттин депутаттары, Массалык маалымат каражаттар

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча
 

Бул программанын алкагында, Улуттук демократиялык институт (УДИ) Парламенттик фракцияларга жана депутаттарга байланыш жана түшүндүрүү иштерин жакшыртууга,  жарандардын ой-пикирин жана көйгөйлөрүн билүүгө жана көйгөйлөрдү чагылдырган платформаларды иштеп чыгуусуна шарт түзөт. Мындан сырткары,  жаштар жана айымдардын саясатка катышуусу боюнча демилгелерди колдойт.

Программа Шайлоо жана саясий процесстерин бекемдөө консорциумунун (CEPPS) үч мүчөсү  тарабынан ишке ашырылат. Бул консорциумдун  мүчөлөрү: Эл аралык республикалык институт (IRI), Улуттук демократиялык институт (NDI) жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES).

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Парламент менен жарандардын байланышы

CEPPS/УДИ Жогорку Кеңештеги бардык фракциялар менен кызматташып, айкындуулукту, жоопкерчиликти жана жарандар менен байланышты бекемдөө максатында иш-аракеттеринин жүргүзөт.

Жарандар менен чогуу иштөө, депутаттарга, фракцияларга калктын муктаждыктарын жана талаптарын  мыйзам чыгаруу жана кабыл алуу аркылуу жакшыраак аткарганга шарт түзөт.

Ошондой эле, CEPPS / УДИ  мамлекеттик маңыздагы маселелер боюнча, депутаттар жана жарандардын арасындагы маекти жакшыртуу максатында теле жана онлайн талкуу-дебаттардын чыгышына көмөк көрсөтөт.

Аз көрсөтүлгөн топтордун саясатка жигердүү катышуусу

УДИ Жогорку Кеңештеги Айым депутаттарынын Форуму менен иштешинин негизги максаты мындан ары Форумдун Кыргызстандын саясатында ишенимдүү жана кадыр-барктуу үнгө ээ болушу. УДИ Форум мүчөлөрүнүнө саясатты иштеп чыгуу жана жарандар менен байланыш, маалымат каражаттарына арналган тренингдерди өткөрөт. УДИ ошондой эле Форумдун стратегиялык мааниге ээ болгон айымдардын баардык денгээлде саясий чечимдерге катышуусу, коомдук диалогду өнүктүрүүдө социалдык, экономикалык жана саясий  чөйрөдө гендердик сезимтал болгон суроолордун өнүгүшүнө көмөктөш болуу менен айым-депутаттардын лидерлик сапаттарын жогорулатууну көздөйт.

CEPPS / УДИ жаштарды саясий процесстерге катышуусун үгүттөйт жана мындай аракеттерге көмөктөш болот. Онлайн платформалар бүгүнкү күндө жаштар арасында өзгөчө сүйүктүү.

CEPPS / УДИ бул платформаларды пайдаланып,  онлайн талкууларды жана ТВ дебаттарды жаратууга шарт түзүү менен, жаштарга кызыктуу болгон өлкөнүн көйгөлүү маселелерин чагылдырат.

CEPPS / УДИ “Өз добушунду бер” аттуу долбоорду жаш активисттер менен улантууда. Долбоор  2017- жылы президентик жана 2020- жылы парламенттик шайлоолордун алдында, жалпы улуттук добуш берүүгө чакырык кылган кампанияларды уюштурууга багытталган.

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  1. Парламенттик фракциялар жарандык сунуштардын негизинде конкреттүү платформаларды иштеп чыгышат. УДИ ар бир фракцияга эл менен байланышты түзүүгө жана өлкө боюнча жарандардан келип түшкөн сунуштардын негизинде Парламенттеги иш-чаралары жөнүндө сессия аягындагы отчетторун иштеп чыгарууну жардам катары сунуш кылат.
  2. Парламенттик фракциялар жана кызматка  шайланган эл өкүлдөрү ишенимдүү изилдөөлөр жана экспертизалардын корутундусунун негизинде саясий чечимдерди иштеп чыгып, сунуш кылышат. УДИ саясий чечимдерди жана мыйзам чыгаруу сунуштарды билдирүүгө Парламенттик фракцияларга тармактык консультациалоолорду өткөрүү менен жардам берет.
  3. Саясий күчтөр, медиа платформаларды жана саясий идеяларды жарандарга жеткирүү максатында колдонушат. УДИ тараптан колдоо алган медиа программалардын жардамы менен, депутаттар жана талапкерлер өздөрүнүн платформалары жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат бөлүшүп, саясий партиялар жарандардын кызыкчылыктарын Парламентте кандай коргоп жатканын көрсөтүшөт. 
  4. Аз көрсөтүлгөн топтор саясатка жигердүү катышат. УДИнин айым депутаттарга жана жаштарга болгон колдоосу, алардын Кыргызстандагы шайлоо жана саясий процесстерге катышуусуна өбөлгө түзөт.
  5. Жарандар партия платформалар боюнча түшүнүнүктөрүн жакшыртып жана өкмөткө таасир этүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатышат. Аялдардын саясатта жигердүү катышуусун жогорулатууга жана саясий партиялардын гендердик сезимталдыгын тереңдетүү максатында, CEPPS / УДИ аялдардын ар кандай топторуна кеңеш берүүгө ошондой эле 2020-жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы аял шайлоочулардын маанилүү маселелеринин негизинде аныкталган комплекстүү саясий программасын даярдоо үчүн жергиликтүү уюмду колдоого алат.