Кургак учукту жеңебиз

Лабораторияларда сапат боюнча менеджмент системасы жөнгө салынган, натыйжада лабораториялардын ишинин циклинин узактыгы 7күндөн 3 күнгө чейин кыскарган.
Лабораторияларда сапат боюнча менеджмент системасы жөнгө салынган, натыйжада лабораториялардын ишинин циклинин узактыгы 7күндөн 3 күнгө чейин кыскарган.
Оливье Ле Блан

Узактыгы: август 2014 – сентябрь 2019

Долбоордун бюджети: 14 млн АКШ доллары

Ишке ашырган уюм: Abt Associates Inc баштаган өнөктөштөрдүн консорциуму

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Географиялык камтуусу: Бүткүл өлкө боюнча

USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” аттуу беш жылдык долбоорунун максаты Кыргыз Республикасында кургак учук (КУ) оорусунун залакасын азайтуу болуп эсептелет. Долбоордун иши бул оорунун дары-дармекке туруктуу түрүнүн өнүгүшүн чектөөгө, калктын аярлуу топтору үчүн кургак учук боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун тең укуктуулугун колдоого жана улуттук саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган.

Кыргыз Республикасында кургак учукту (КУ) жеңүү ири жана татаал милдет болуп эсептелет, ал тиешелүү мыйзамдарды, заманбап медициналык ченемдик укуктук документтерди кабыл алууну, натыйжалуу каржылоону, медицина кызматкерлерин окутууну, так диагностикалык системалардын болушун, бейтап тарабынан кургак учукка каршы дары-дармек каражаттарын колдонууда тиешелүү менеджментин жана бейтаптарга коомдун колдоо көрсөтүүнү талап кылат. Абт Ассоусиэйтс жана анын FHI 360 менен RPX сыяктуу өнөктөштөрү Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кыргызстандын кургак учукка каршы улуттук программасына ушул ооруга каршы күрөшүү боюнча аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

  1. Дарт аныктоо жана дарылоо боюнча кургак учукка каршы көрсөтүлгөн жогоруу сапаттагы кызматтарды жалпы пайдаланууну жакшыртуу.
  2. Медицина кызматкерлеринин өз милдеттерин аткаруу үчүн потенциалын чыңдоо, анын ичинде лабораторияларды модернизациялоого колдоо көрсөтүү.
  3. КУ боюнча маалыматтардын сапатын жана аларды пайдаланууну жакшыртуу.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 3500гө жакын дарыгер, медайым, лабораториялык адис жана кургак учукка каршы жардам берүүнү жакшыртуу боюнча башка медицина кызматкерлер окуудан өткөрүлгөн.
  • Кургак учук менен ооруган бардык оорулууларды госпитализациялоодон эл аралык деңгээлде сунушталган амбулатордук дарылоого өткөрүүгө колдоо көрсөтүлгөн. Долбоор иштеген алгачкы эки жылдын ичинде пилоттук сайттарда амбулатордук дарыланууда турган оорулуулардын саны 78%га көбөйгөн.
  • Кургак учукту контролдоо, алдын алуу жана дарылоо системаларын өзгөртүп түзүү боюнча Улуттук “Жол картасын” кабыл алууга техникалык жардам көрсөтүлгөн, ал кургак учукка каршы жардамды кыйла натыйжалуу жана сарамжалдуу кылууга багытталган. Өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн 2 млн АКШ доллары жыл сайын инфраструктураны жакшыртууга жана дары-дармек препараттарды сатып алууга жумшалат.
  • Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүнө өз убагында жана ачык-айкын акы төлөө үчүн электрондук финансылык маалыматтык менеджмент системасы киргизилген. Бул система бүткүл саламаттык сактоо системасына жайылуу этабында турат.
  • Изилдөөлөрдүн кыйла так натыйжаларын тез арада алууга жана дарылоону эрте баштоого жөндөм түзүү үчүн биоматериалды транспортировкалоонун жаңы системасы киргизилди.
  • КУ жөнүндө кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу жана бул ооруу менен байланышкан кодулоону (стигманы) азайтуу, КУтун белгилери байкалган адамдарды текшерүүдөн өтүүгө өбөлгө түзүү жана дарыланып жаткан КУ менен ооругандарга колдоо көрсөтүү үчүн калк арасында көп сандагы мигранттар жашаган райондордогу 50000дөн ашуун кожолук камтылган. КУ белгилери бар негизги топторго таандык болгон 2400 гө жакын адам текшерүүдөн өткөн. 1600дөн ашуун бейтап, анын ичинде дарыларга туруктуу түрү менен ооруган 663 адамга узак мөөнөттүү жана көпчүлүк учурда дарылоосу татаал болгондугунан колдоо көрсөтүлгөн.
  • Кургак учук менен ооругандар үчүн биринчи жолу социалдык жатакана ачылган, ал калктын аярлуу тобуна таандык болгон адамдарга турак жай берип, дарыланууга колдоо көрсөтөт.
  • GeneXpertти туура пайдалануу боюнча саламаттык сактоо уюмдарына жардам көрсөтүлгөн, GeneXpert КУтун диагнозун тактоо үчүн зарыл болгон убакытты бир нече жумадан эки саатка чейин кыскартат жана дары-дармектерге сезимталдыгы жөнүндө маанилүү маалымат берип, оорулууларды дарылоо үчүн туура дарылоону тандоого жардам берилген. Ошондой эле GeneXpert операциялары боюнча учур чакта маалымат чогултуучу жана жайылтуучу GxAlert системасын ишке киргизүүнү кеңейтүү боюнча жардам көрсөтүлгөн.
  • КУтун татаал учурлары боюнча маалыматтарды берүүнүн жана талкуулоонун убактысын бир нече жумадан бир нече күнгө чейин кыскартууга жардам берген КУ боюнча дарылоо-диагностикалык кеңешмелер (консилиумдар) үчүн видео-конференция байланыш системасы киргизилген.
  • Лабораторияларда сапат боюнча менеджмент системасы жөнгө салынган, натыйжада лабораториялардын ишинин циклинин узактыгы 7күндөн 3 күнгө чейин кыскарган.
  • Өлкөнүн 1770 мечитенде уюштурулган ден соолук боюнча үгүт (хутба) өткөрүү аркылуу миллионго жакын адам КУ жөнүндө кабардар болгон.

Кургак учук менен ооруган адамдарга үйүнөн алыс кетпей дарыланууну аягына чыгаруу максатында үй-бүлө, жоро-жолдоштор же коомчулуктун башка өкүлдөрү дарыланууда коомдук жардамчылардын ролун аткарган дарылоо ыкмаларында бейтапка багытталган жаңы мамиле киргизилген.