Биргелешип башкаруу программасы

Долбоордун жардамы менен Сарахандын Ош шаарындагы мектеби мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга ыңгайлуураак болуп калды.
Долбоордун жардамы менен Сарахандын Ош шаарындагы мектеби мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга ыңгайлуураак болуп калды.
Smail.kg

Узактыгы: 2013-жылдын марты – 2018-жылдын сентябры.

Бюджети: 9 млн АКШ доллары

Ишке ашыруу боюнча өнөктөш: Ист-Вест Менеджмент Институту

Негизги өнөктөштөр: КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, КР Юстиция министрлиги, КР Жогорку соту, Кыргыз улуттук университети башында турган Университеттердин консорциуму, жарандык коом уюмдары, МЦНП, ЦИГО/УДХ, ИПР, ACTED, КАЖС жана “Адилет” укуктук клиникасы.

Ишке ашыруу аймагы: республика боюнча

Сайт: www.ewmi-cgp.org

Facebook: www.facebook.com/collaborative.governance.program

Программа жарандык коомдун, бизнес сектордун жана мамлекеттик органдардын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Натыйжада, кыйла тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчиликтүү жана ачыктыгы, ошондой эле жарандык коомдун ишенимдүүлүгү жана туруктуулугунун өсүшү күтүлөт.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

USAIDдин биргелешип башкаруу программасы мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кызмат көрсөтүү жаатында Өкмөттүн жарандык коомдун ролун жогорулатууга багытталган аракеттерин колдойт. Андан тышкары, программ мамлекеттик саясатты түзүү, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жарандардын кызыкчылыктарын эффективдүү илгерилетип, коргоо боюнча жарандык коомдун жөндөмдүүлүгүн күчөтүүнү көздөйт.

Программа жарандык коом лидерлерин өстүрүүгө көмөк катары билим берүү жайларын колдойт. Жарандык активдүүлүктү илгерилетүү, мамлекеттик реформаларды жана саясатты талдоо, коомдук кызыкчылыкты жараткан маселелерге өз учурунда жооп кылуу боюнча демилгелерди колдоо боюнча гранттарды берет. 2017-жылы Жогорку соту жана Юстиция министрлиги менен биргеликте калктын аярлуу катмарлары, айрыкча үй-бүлө зомбулугунун курмандыктары үчүн сот адилеттигине жол ачуу боюнча иш башталды.

 

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги программанын колдоосунда “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” жаңы мыйзамды илгерилетүүдө. Жаңы мыйзам жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүгө жарандык коом уюмдарын көбүрөөк тартууга жардам берет. Мыйзам долбоору парламент тарабынан кабыл алынып, Президенттин кароосунда турат.
  • 1800дөн ашык аял үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иш-чараларга катышты. Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча ар жылдык кампаниянын алкагында, программа СМС аркылуу 80 миң жаранга Кыргыз Республикасында кыз ала качуу үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө маалымат берүүгө жардам берди.
  • Кыргызстанда 1200дөн ашык студент программанын колдоосу менен киргизилген атайын курстар аркылуу өтүштү. Төрт университетте ресурстук борборлор ачылды, анда каалоочулар коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча окуу китептерин, журналдарды, академиялык изилдөөлөрдү жана онлайн-ресурстарды колдоно алат. Программа ошондой эле коммерциялык эмес башкаруу боюнча билим берүүнү илгерилетүүнүн үстүндө иштеген профессорлордун ишин колдойт.
  • Үч жыл бою жарандык коом уюмдары программанын колдоосунда милицияны реформалоо, мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүүгө, жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, менчикке укукту чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө жана электр энергиясы, сугат суусу жана төмөн пайыздар менен кредиттерге жол ачууга багытталган 44 демилгени ишке ашырышты.
  • Программанын алкагында, Кыргыз Республикасындагы 600дөн ашык жарандык коом уюму өздөрүнүн уюмдарынын профилин толтурушту жана 300дөн ашык уюм туруктуулукка жана лидерлик боюнча диагностикадан өттү. Ал уюмдардын 546 мүчөсү программа тарабынан окутулду. Программа тарабынан иштелип чыккан уюм диагностикасынын методикасы жарандык коомду колдогон бир катар уюмдар тарабынан кабыл алынды.