Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси

Тигүүчүлөргө өндүрүмдүүлүктү күчөтүү боюнча жардам көрсөтүлөт
Тигүүчүлөргө өндүрүмдүүлүктү күчөтүү боюнча жардам көрсөтүлөт
USAID / Kyrgyz Republic

Мөөнөтү: август 2014-ж - июнь 2018-ж.

Бюджети: $20.2 млн. АКШ доллары

Ишке ашыруу боюнча өнөктөш: Делойт Консалтинг

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын текстиль, туризм жана курулуш материалдар секторундагы ишкемелер, бизнес-ассоциациялар, консалтинг боюнча компаниялар, МЭУ, министрликтер
жана агенттиктер

Ишмердүүлүк аймагы: Республика боюнча

Долбоор күчтүү сатыктарды камсыз кылуу жана техникалык жардам аркылуу Кыргызстандын ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор рынокторго жол ачуу, сатыктарды көбөйтүү, продукция ассортиментин кеңейтүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, сапат, финансы көзмөлүн жакшыртуу жана башка жардам аркылуу тигүү өнөр жай, туризм жана курулуш материалдар тармактарынын өкүлдөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Долбоор компаниялар үчүн  каржы булактарын жана жабдууларды жакшыртып, алардын өндүрүштүк жабдууларды жана имарттарды, башкарууну, продукция менен кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган инвестицияларын жартылай каражат менен камсыз кылат.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

ТИГҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ

  • Кыргызстандын кийим тигүүчүлөрү ири кийим бренддери менен жолугуп, алардын бешөө 1,5 миллион АКШ долл. келишим түздү. Анадан тышкары, кийим сатуучу компаниялардан 200дөн ашык кийимдин үлгүлөрү жана баалар боюнча сунуш келип түштү. Бул сунуштар – келишим түзөргөнгө чейинки маанилүү шарт болуп саналат.
  • Европанын 11 кийим сатуучу компаниялары менен жолугушуулар өткөрүлүп, 300дөн ашуун дүкөндөрү бар жети компания Кыргызстанга да келип кетти.
  • Тогуз кийим тигүүчү ишканалардын корпоративдик жана социалдык жоопкерчилик боюнча аудиттен өтүп, беш компания аудиттин талаптарынын 50%ын аткарды.
  • Кийим тигүү фабрикаларына лекал даярдоо, бычуу жана сайма сайуу боюнча кызмат көрсөтүү максатында Бишкекте жана Ошто жайгашкан инновация борборлору ачылды.

ТУРИЗМ

  • Ошто, Сары-Ташта жана Жыргалаңда  жайгашкан конок үйлөрү жакшыртылды. Эми Жыргалаңдагы конок үйлөр эки эсе көп турист кабыл алат.
  • 2016-жылы Караколдо жана Ошто конок-үй менеджерлерин меймандостук жана маркетинг окуудан өтүп, туристтер түнөп калган күндөрдүн санын дээрлик 50%га көтөрө алышты.
  • USAIDдин колдоосу менен Кыргызстан Мадрид, Берлин, Лондон, Стамбул жана Алматы шаарларында туристтик көргөзмөлөргө катышып, өлкөнү тааныта алды. Кыргызстандын туроператорлору жаңы келишимдерди түзүштү.
  • Кыргыз маданияты жана тарыхы менен тыгыз байланышта болгон түрк туристтерин көбүрөөк тартуу максатында Стамбулда «Кыргызстандын маданий күндөрү» өткөрүлдү, ага 12 миңден ашык адам катышкан.
  • Кыргызстанды 14 эл-аралык блогерлер кыдырып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна да баш багышты. Бул блогерлердин окурмандары 1 миллиондон ашат жана алардын оригиналдуу жазган макалалары социалдык тармактарда 120 миңден ашуун постторду жаратты.
  • Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын социалдык тармактарда жайылтууну колдоонун натыйжасында, оюндардын соцтармактагы жазылуучулардын санын 43%га көбөйдү.
  • Туристтик жерлерге өлкө боюнча 86 жол көрсөткүчтөр, ал эми Ош жана Караколдо төрт көчө карталары орнотулду.
  • Кыргызстандын 17 музейлери  үчүн туристтик тажрыйбаны өнүктүрүүгө алардын салымын көбөйтүү максатында потенциалын жогорулатуу программасы өткөрүлдү.

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАР

  • Эл аралык рынокторго кирүү, бренддөө жана сапат стандарттарын көтөрүү үчүн Кыргызстандын декоративдик таш өндүрүүчүлөрү ишкердик бирикмеси түзүлдү.
  • Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыштын  рынокторуна басым жасоо менен Кыргызстандын баалуу декоративдик ташы үчүн жаңы экспорттук рынокторду алга жылдыруу жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр аныкталды.